Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КОМПЬЮТЕРДИК УКУК – айрым өлкөлөрдө ЭЭМ, ЭЭМ тутумдарын жана алардын тармагын пайдаланууда келип чыккан коомдук мамилелердин комплексин жөнгө салуучу укук ченемдеринин жыйындысы болуп саналган мыйзам тармагы. Юридикалык адабияттарда «К. у.» аталгысы менен бир катарда башка дагы – «информатика укугу», «маалыматтык укук» деген аталгылар да кездешет. Кийинкилери маалымат чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди жөнгө салышкандыктан, маалыматтар кандай каражаттар менен иштелип чыкканына жана анын алып жүрүүчүлөрү кандай экендиктерине карабастан К. у-ка караганда бир кыйла кеңири түшүнүктөр болуп саналышат.